«Бийиктиги 20, узундугу 250 метр». Долон ашуусуна түшкөн кар көчкү тазаланууда

Бүгүн, 18-март саат 12:00гө карата Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн 85 миң метр кубдан ашуун кар көчкүнүн 19 миң 170 метр куб көлөмү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 17-март күнү саат 10:30дар чамасында кар көчкү түшүп, каттам токтогон болчу. Унаа жолдун 294-чакырымы (Долон ашуусу) жалпы көлөмү болжол менен 225 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын 47 миң метр кубу көлөмү жолго түшкөн. Жолдун 296-чакырымында болжол менен 900 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын 38 миң 250 метр куб көлөмү жолго түшкөн. Түшкөн кардын бийиктиги 15-20 метр, узундугу 200-250 метрди түзөт.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда жол убактылуу жабык, тазалоо иши жүрүүдө.
Ал жерге 25 куткаруучу, 11 жүктөгүч, 1 Isuzu үлгүсүндөгү кар түртүүчү техника тартылган.