«Бийликти басып алууга даярданып жаткан». ИИМ Курсан Асановдун кармалышы боюнча маалымат берди

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөнү аныкталды», — деп айтылат маалыматта. 

Курсан Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.