Бийликти басып алууга шектелген Имамидин Ташов менен Тилекмат Кудайберген уулунун өнөктөштөрү кармалды

Бийликти күч менен басып алууга шектелген Имамидин Ташов менен Тилекмат Кудайберген уулунун өнөктөштөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Маалыматка караганда, буга чейин Ташов жана Кудайберген уулу тарабынан бийликти күч менен басып алуу боюнча даярдыктарды көрүү фактысын аныктаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси жана 245-беренесинде каралган “бийликти күч менен басып алуу”, “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө Имамидин Ташов менен Тилекмат Кудайберген уулу тергөөдөн жашырынып, кылмыш ишинин алкагында издөөгө алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан алардын ондогон тарапташтары жана активдүү өнөктөштөрү аныкталып, алар тиешелүү түрдө суракка алынып, толук көрсөтмөлөр берилген. Анын ичинде Ташовдун даярдалып жана уюштурулган иш-чараларды финансылык жактан каржылоосу боюнча маалымат алынды.

Натыйжада айрым негизги тарапташтары кармалды, аларга карата бийликти кулатуунун кылмыштуу пландарына катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынган. М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер боюнча массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек болгон, ошондой эле, анын милдеттерине акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташууну уюштуруу кирген. Мындан тышкары, Талас облусунан К.А.К. аттуу жаран кармалган. Анын негизги милдети АКШда ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болгон. Мындан тышкары, Ташовдон анын наамына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган.

Ташовдун жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири акча каражаттар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылган.