Бийликти күч менен басып алууга чакырган Кыргыз жараны Москвада кармалды

Москва шаарында УКМК тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкөдөн тышкары жүрүп, тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык башаламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган Фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган Кыргыз жараны мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал Орусиянын аймагынан кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилген. Соттун санкциясынын негизинде шектүү 20-ноябрга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.