Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип Нарын шаарынын тургуну кармалды

УКМК тарабынан 15-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти басып алууга чакырык жасоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаарынын У.М. аттуу тургуну кармалып, ал узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл жана деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды (посттор, комментарийлер, шилтемелер ж.б.) жарыялаган.
Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына дайындалган соттук-лингвистикалык жана соттук-саясий экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык, шектүү тарабынан жарыяланган материалдарда массалык башаламандыктарга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар экендиги аныкталган. Шектүү 2021-жылы Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринин активдүү мүчөсү болуп, аталган партиядан талапкерлигин койгон, бирок тиешелүү добуштарды ала алган эмес. Кармалган жаран Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.