Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип шаардык кеңештин депутаты кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык баш аламандык») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат Н.Ж.К. кармалды. Ал «Facebook» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.