«Билайндын» мурдагы директору 2 айга үй камагына калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Билайн» (Скай Мобайл) байланыш операторунун мурдагы башкы директору Евгений Кражанды 12-майга чейин үй камагында калтырды. Бул тууралуу аталган райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Евгений Кражандын үй камагынын мөөнөтү сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө барабар убакытка узартылган.

Белгилей кетсек, 2-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) «Билайн» компаниясынын мурдагы директору Евгений Кражанды камакка алган. Анда ага УКМК тарабынан аталган компанияны башкарып турганда радио жыштыкты пайдалануу үчүн берилген лицензияны кайра каттоо ишинде өкмөттүн кызмат адамдарына акчалай пара берген деген айыптоолор коюлуп, Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча шек саналып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.