ИИМ пара алууга шектелип кармалган министрдин видеосун жарыялады

Кечээ, 28-сентябрда ИИМ тарабынан билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды. Ал пара алууга шектелүүдө. 

ИИМ маалымат таратып, учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада 110 миң доллар пара алуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти. Ошондой эле аталган министрлик Бейшеналиевдин пара менен кармалгандагы видеосун жарыялады.