Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев аял менен мушташа кетти. Милиция эмне дейт?

Буга чейин соцтармактарда бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев Бишкектеги кафелердин биринин жанында аял менен мушташа кеткендеги видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден окуянын чоо-жайын айтышты.

Маалыматка караганда, 15-январда Октябрь РИИБге аял киши арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 08:00 чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү кафелердин биринде коомдук тартипти бузуп, анын денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранган. Факты Октябрь РИИБге катталып, Жазык кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, С.К. аттуу 1985-жылы туулган жаран кармалып, сурак берген соң бошотулган. Алынган дене жаракаттары боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусу боюнча жалпысынан оордук ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген жеңил жаракат катары бааланган. Тергөө жүрүп жатат.