«Бир адам 3-даражадагы күйүк алды». Чүйдө турак үйдө газ түтүгү жарылып, өрт чыкты (видео)

Аламүдүн районундагы Пригородный айылынын Островский көчөсүндө жайгашкан турак үйдө жаратылыш газ түтүкчөсү жарылып, өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине саат 10:55те Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 11:09да Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 водавоз тартылган. Кырсыктан бир адам үчүнчү даражадагы күйүк алды.