Бир жума ичинде Бишкекте 5 миң 208 жол эрежесин бузуу катталды

Өткөн жумада борбор калада 5 миң 208 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу шаардык патруль кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 50 айдоочу мас абалында унаа башкарып, сегиз унаа терезелерин караңгылатып алган үчүн кармалган жана 52 адам айдоочулук күбөлүгү жок токтотулган. Дагы башка эреже бузуулар 5 миң 97 болгон. Эрежеге баш ийбеген 402 унаа токтоочу жайга киргизилген.