17-декабрдан тартып 23-декабрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 4638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Мас абалында авто унаа башкаруу -75 айдоочу;
- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 20;
- Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу — 49;
- Жасалма номур менен унаа айдоо — 3;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 124;
- Башка жол эрежелерин бузуулар — 4367;
385 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.