Бир коркутканда үч телефон… Ошто студенттерди тоноого шектелип жаран кармалды

8-март күнү Ош шаарынын 1997-жылы, 2001-жылы, 2002-жылы туулган тургундары арыз менен кайрылышып, ошол күнү эс алуу багында сейилдеп жүргөн учурда 30-35 жаштагы белгисиз жаран аларды коркутуп, кол телефондорун күч менен тартып алгандыгын билдиришкен. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.

Жабырлануучулар Оштогу жогорку окуу жайынын студенттери экендиги аныкталган. Арыз катталып, шектүүнү издөө иштери башталган, бөлүмдүн ыкчам тобу эс алуу багына барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар чогултулган. Милиция кызматкерлери тарабынан жабырлануучулардын кол телефондорун тартып алган жаран Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Шектүү кечээ, 9-март күнү кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Шектүүнүн башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө.