«Бир нече эскертүүчү ок атылган». Соттолгон адам абактан качууга аракет кылды

Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан соттолгондун түзөтүү абагынан качуусуна бөгөт коюлду.

Соттолгон адам качып кетүү максатында мекеменин эскертүүчү жана маскировка тосмосунан өтүүгө үлгүргөн. ЖАКтын кайтаруу жана конвой менен алып жүрүү департаментинин аскер кызматчысынын бир нече эскертүүчү огунан кийин кармалган. Бул факты боюнча ЖАКтын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.