«Бир нече жолу бөтөлкө менен чапкан». Чүйдө 49 жаштагы киши өлтүрүлдү

Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-сентябрь күнү саат 10:47 чамасында Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Төлөк айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат айтылган. Москва РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо учурунда 1972-жылы туулган кишинин жансыз денеси табылган жана анын денесинде бир нече жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1968-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө спирт ичимдигин ичип отурушуп, ортолорунда чыр чыккан. Шектүү бөтөлкө менен маркумду бир нече жолу уруп жиберген. Учурда тергөө иштери уланып жатат.