Социалдык тармактын колдонуучусу автобуста жагымсыз окуяга туш болгонун жазып чыкты. «Автобуста кулакчын менен орундукта отуруп кетип бара жаткам. Мен СММ-адиси болгондуктан телефон менен өз ишим менен алектенип жаткам. Бир убакта эле мага кыйкыра баштады. «Мен инвалидмин, сен мени сыйлабайсың» деп эле мени бетке чапты. Мен нес болуп эле, тура калып автобустун эшиги жакка ыктадым. Ошол учурда дагы мени 2 жолу урганга жетишти», — деп жазып, видео менен бөлүштү.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден видеодогу жарандын изделип жатканын билдиришти.
«27-сентябрда Биринчи Май РИИБге жаран кайрылып, аны коомдук транспортто сөгүп, денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты милицияда катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда жаранды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат», — дешти.