Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө аракет жасаган шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
30-июнга караган түнү саат 01:07 чамасында “102” кызматына Жибек-Жолу менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде «жарандар урушуп, бычак менен сайып салды» деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, эс алып отурган жарандар урушуп, бири экинчисин бычак менен денесине бир канча ирет сайып салган. Алган жаракатынан улам 1993-жылы туулган жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган жаранды кармашып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткиришти.