Бир нече жолу соттолгон жаран милицияга пара берүүгө шектелип колго түштү

Баткен ОИИБдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери алынган ыкчам маалыматтын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш ишин козгоп, 11-май күнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын 62 жаштагы А.С. аттуу тургунун текшерген учурда анын жанынан кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, эксперттин корутундусуна ылайык, жалпы салмагы З граммды түзгөн «гашиш» түрүндөгү баңгизат каражаты экендиги аныкталган. Жогорудагы кылмыш ишти жаап, кыскартып салуу максатында кылмышка шектүү 62 жаштагы А.С. Баткен ОИИБдин  кызматкерине акча сунуштаган. Бул билдирме Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштайт.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Хажы” каймана аты менен жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 62 жаштагы А.С. аттуу тургуну 27-май күнү милиция кызматкерине пара катары 1 миң доллар берген учурда кармалды. Кылмышка шектүү катары кармалган А.С. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.