«Бир нече унаа уурдаган болушу мүмкүн». Ошто токтоп турган унааны айдап качууга шектүү кармалды

Кечээ, 6-январь күнү саат 3:00 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Ош шаардык кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган. Бирок айдоочу унааны токтотуудан баш тартып, качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Жол тескөөчүлөрү артынан кууп кармаган учурда, айдоочусу унааны Ош шаарынын Урицкая, 126 дарегинде токтоп турган жеринен айдап чыкканын билдирген. Бирок кызматкерлер тарабынан унаанын уурдалып бара жаткандыгы аныкталган. Анткени унаанын ичинде чыныгы ээсинин уюлдук телефону болгондуктан, кызматкерлер байланышкан учурда, унаасы үйдө токтоп тургандыгын айтып, уурдалгандыгын кызматкерлерден угуп, ыраазычылыгын билдирген.

Айдоочунун жанынан унааны жүргүзүүчү атайын ачкыч жана бурагыч алынган. Кармалган жаран Ош ШИИБдин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп берилди. Унааны урдоого шектелген өспүрүм дагы бир унааны Жалал-Абадга алып барганын айткан. Аталган жаран дагы бир нече унааны уурдоого тиешеси бар болушу мүмкүн.