Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-апрелде Ленин РИИБдин башчысына Ленин РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысынан маалымат түшкөн, анда зордуктоо фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаран сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ага пара берүүгө аракет кылганы айтылган.
Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган жаран 40 миң сом пара берип жаткан учурда кармалган. Ошондой эле ал кызматкерге 1 тай берип жиберүүнү сунуштаган.
Шектүү кармалып, камакка алынды. Тергөө уланып жатат.