Бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган жаран УКМК тарабынан бошотулду

УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарынын батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз жараны аныкталып бошотулду. Ал ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бошотулган жаран иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес. 17-январда кылмыш иши боюнча арыз ээлери жана алардын жактоочусу менен бирге тергөө органына келүү макулдашылган, бирок алар келбей, маалымат агенттиктеринин биринин жыйынына катышуу менен чектелишти.

Арыз ээлери тергөө органга кечээ, 18-январь күнү кечинде гана келишкен. Алардын катышуусу менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында төрт жаран кармалып, Жалал-Абад шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.