Бир түндө 4 жол кырсыгы катталган окуя. Жаракат алгандарга компенсация төлөнөрү айтылды

Бишкек — Кара-Балта автожолунун Новопавловка айылында иш алып барган Сhina Railway № 5 мекемесинин кызматкерлеринин айынан бир түндө 4 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты.

«Новопавловка айылындагы жол кырсыгы ал жакта иш алып барган кытайлык мекеменин жооптуу кызматкерлеринин шалаакылыгынан орун алган. Алар келишимде көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Мындан улам аларга карата тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөт. 

Министрликтин кызматкерлери жол кырсыктары катталган аймакка барды. Кырсык катталган жерге жарык чагылдыруучу белгилер коюлуп, жол коопсуздугу үчүн керектүү иш-чаралар аткарылды. Учурда жаракат алгандардын саны такталууда. Аларга мыйзам чегинде компенсация төлөп берүү маселеси каралат», — деп билдиришти министрликтен.