«Бир үмүтүм президентте». Бишкекте кордолгон 13 жаштагы кыздын атасы Садыр Жапаровго кайрылды

30-августта Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан, «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Бүгүн, 13-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу кыздын атасы менен байланышканыбызда, эки милиция кызматкеринин мөөнөтү Бишкек шаардык соту тарабынан кыскартылганын билдирип, нааразычылыгын айтты.

«Менин президентке кайрылбаска аргам калган жок. Ошондо эле булар акча менен бүтүрөбүз деп жатышкан. Кылмыш иштеги негизги адамдардын жаза мөөнөтү кыскарып кетип жатпайбы? Буга чейин бир нече жолу Башкы прокуратурага кайрылгам. Жыйынтык жок. Жогорку Сотко кайрылам. Бир үмүтүм Садыр Жапаровдо. Президент каза болгон 14 жаштагы кыздын ишин көзөмөлгө албадыбы, тирүү менин кызымдын дагы ишин карап берсе жакшы болмок», — деди атасы.