Бири 1200 доллар, экинчиси 2 миң сом талап кылып… Ошто пара алууга шектелип 2 мугалим кармалды

Ошто пара талап кылуу боюнча билим берүү тармагынын өкүлдөрү кармалышты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ноокат районунун 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал баласын Ош мамлекеттик университетине өткөрүү үчүн аталган окуу жайга алып барган учурда окуу жайдын мугалими 1200 доллар акча талап кылып жаткандыгы тууралуу билдирген. 13-сентябрда акча сураган жарандар боюнча маалыматтар такталып, ыкчам иштер алып барылган. Натыйжада, арыздануучу тарабынан талап кылынган акчанын бир бөлүгүн, 40 миӊ сом акчаны алып жаткан учурда аталган окуу жайдын кызматкери кармалды. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал тиешелүү сумманы Ош шаарынын Токтогул эс алуу багына алып келип берүүнү айткан. Кармалган учурда аталган сумма шектүүнүн жанынан чыкты.

Учурда пара алууга шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди, ал алгачкы көрсөтмөсүндө арыздануучудан анын баласын окууга өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн 1200 доллар сураганын билдирген. Жазык кодексинин 238-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Ушундай эле факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин мугалими кармалды. Ал баласын аталган мектепке өткөрүү үчүн барган энеден 2 миң сом акча талап кылган. Кармалган учурда аталган сумма шектүүнүн жанынан чыккан. Шектүү үй камагына чыгарылды.