Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап жатат

Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Журналисттер менен сүйлөшүү учурунда ал 2020-жылдын октябрындагы иштери үчүн өкүнбөй турганын билдирди.

«Убакыт көрсөтөт. Мен ошол кезде кылган иштерим менен сыймыктанам. Мен жарандардын тынчтыгына, кырдаалдын турукташуусуна өз салымымды коштум. Эч кимге доом жок, бирок коюлуп жаткан айыпты негизсиз деп эсептейм. Мен имаратты басып алган жокмун, буга күбөлөр бар», — деди Курсан Асанов.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 9-октябрындагы башаламандыктар боюнча кылмыш иши козголуп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев, президент аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязов жана ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асанов шектүү катары өтүп жатат.