Биринчи Май райондук сотунун алдына 2 жаран митингге чыкты. Алар илимпоз Аалиеванын камакка алынышын талап кылышууда

Бишкектин Биринчи Май райондук соту философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Аалиеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишин карашы керек болчу. Сот имаратынын жанында эки адам айыпталуучуну камакка алууну талап кылууда.

Митингчилердин айтымында, Гүлзат Аалиева динчилдерге шек келтиргени үчүн камалышы керек.

 Гүлзат Аалиева Философия илимдеринин кандидаты, расалык, этникалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга шектелип жатат. Ал 21-апрелде камакка алынган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылганы маалым болгон.