Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына Курсан Асановдун тарапташтары чогулду

Биринчи Май райондук соту Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Курсан Асановго дагы бир – бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү айыбы тагылып жатат. Буга чейин ал имаратты басып алуу боюнча айыпталып жаткан.

Ошол эле учурда райондук сотунун имаратынын алдына Асановдун тарапташтары чогулду.

Курсан Асанов 26-январда камакка алынган. Ал октябрдын башындагы башаламандыктан кийин өзүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялап, бул тармакты көзөмөлдөп баштаган болчу.