Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү акча алып жаткан жеринен кармалды

Кечээ, 1-майда А.Ж. аттуу жаран акча талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Аталган арыз боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматынын жана УКМКнын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, Биринчи Май РИИБдин А.А. аттуу тергөөчүсү 35 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлигинин жана УКМК тарабынан укук коргоо кызматкерлеринин катышуусу менен жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштар менен укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүүнү улантууда.