«Бирөөгө айтса өлтүрүп коёбуз дешкен». Ошто 15 жаштагы кыздын сексуалдык кулчулукта кармалып жүргөнү аныкталды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрсөтүүгө чакырды.

Акыйкатчыга бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган. Кыздын жактоочусу Жахангир Сайфуллаевдин айтымында, аны ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп коёбуз деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен. Ошону менен катары эле, алар кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан.

Акыйкатчы тез аранын ичинде укук коргоо органдарынан адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү талап кылат. “Жашы жете элек балдарды сатуу менен алектенгендерге карата мыйзам чегинде баардык чаралар колдонулушу керек. Мындай ачыктан-ачык кылмышка тиешеси барлардын баары табылып, өз жазаларын алышы керек”, — деди акыйкатчы.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат. Кыз өз өмүрү коркунучта экенин айтып, аны сабап, коркуткандардын баары азыр да эркиндикте жүргөндүктөн, акыйкатчыдан жардам сурап кайрылган.