«Бирөөнү сүзүп алсаңар эмне болот?». Ата-энесинин унаасын айдап чыккан өспүрүмдөр кармалды

Ата-энесинин унаасын айдап чыккан өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү Токмок шаарынан Audi үлгүсүндөгү унааны токтоткон учурда, айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качууга аракет кылган. Кызматкерлер артынан жетип, текшерүү учурунда айдоочусу жана ичиндеги жүргүнчүлөр өспүрүмдөр экендиги такталып, эч кандай унаа башкарууга укугу жок туруп, ата-энесинин унаасын мыйзамсыз айдап чыккандыгы аныкталган. Бул факты боюнча унаа айып короо жайына токтотулуп, өспүрүмдөр жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелери чaкыртылды.