«Бирөөнүн буйругун аткарганбыз». Блогер жолдогу жоругу үчүн кечирим сурады

Көпчүлүккө Омка аты менен белгилүү болгон блогердин жолдогу адамдар өтүүчү өтмөккө туруп алып, айдоочулардын кыжырын кайнаткан видеосу тарап жатат. Видеодон көргөндөй, ал ага берилген тапшырманы аткарып жатканы айтылган. Бул колдонуучулар тарабынан да катуу сынга алынып, блогердин катталуучуларынын көбү жеткинчектер экенин айтышып, жол тескөөчүлөр тарабынан жазасын алсын дегендер болууда.

ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат таратып, аларга 1 миң сом айып салынганын айтышты. Социалдык тармактарда “хайп” кармоо деп видео тартышып, жөө өтмөктөн башка унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктарды жараткан балдар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан аныкталып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1000 сом айып салынып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Свердлов РИИБге жеткирилди. Өздөрүнүн түшүнүктөрүндө “Бул атайын оюн. Бирөө буйрук берет, биз ошону аткарганбыз. Мындан ары мындай кайталанбайт” деп коомчулуктан кечирим сурашты.