Бирөөнүн паспорту менен Түркияга учуп кетүүгө аракет кылган аял кармалды

«Манас-аэропорт» көзөмөл өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Стамбул аба каттамы менен учканы жаткан аял паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө чек арачыга 31 жаштагы жаранга берилген паспортту көрсөткөн. Бирок чек арачылар эки башка адам экендигин аныкташкан.

«Кыргызстандын 34 жаштагы жараны башка бирөөнүн жарандык паспорту менен Түркияга учууну пландаган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.