«Бирөөнүн унаасын бирөөгө сатып». Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Сокулук РИИБге 24 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, өзүнүн Мерседес-Бенц унаасын сатууну чечип, Дөөлөт (аты өзгөртүлдү) деген адам менен таанышып, жабырлануучуга Дөөлөт 20 миң сом акчасын алдын ала төлөп, унааны алып жоголуп кеткенин билдирген. Шектүү адам унааны башка эле адамдарга сатып жибергени маалым болгон. Аталган факты Сокулук РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыга шектүү катары 20 жаштагы жаранды кармашкан. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка дагы кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалган жаран башка адамдардын документтеринин маалыматтары менен алдамчылык аракеттерди жасаган деп шектелүүдө.