«Манас» аэропортуна барган жолдо кырсык катталды. Айдоочу мүрт кетти

«Манас» аэропортунун унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Мазда Демионун айдоочусу Бишкек шаарын көздөй бара жаткан. Рулду башкара албай дарак дүмүрүнө урунган. «Унаа соккудан оодарылып кеткен. Айдоочу каза болду, анын аты-жөнү такталууда. Бардык материалдар аймактык тергөө органдарына өткөрүп берилет», — деп айтылат маалыматта.