«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин башкы архитектору кармалды

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан органдардын ишиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды алкагында, Министрлер кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулган.

«Такталгандай, аталган жооптуу кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акчанын пара түрүндө алууну такай уюштуруп келишкендиги аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз иштери кылгандыгы боюнча маалыматтар алынган»,- деп айтылат маалыматта.