Бишкек-Чалдовар жолунда кырсык катталып, эки киши каза болду (видео)

Чүйдө 2 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Дагы бир жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Чүйдө 2 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Дагы бир жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы 5-февралда Бишкек-Чалдовар жолунун 71-чакырымында Эфиринос айылынын тушунда болгон. «30 жаштагы айдоочу өзүнүн ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, Мерседес-С180 унаасы менен сүзүшкөн. Мерседес-С180 унаасы 26 жаштагы жарандын башкаруусунда болгон.

Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү Панфилов райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болушту. Ал эми Мерседес-С180 унаасынын айдоочусу райондук ооруканада жатат», — дешти маалымат кызматынан.