Бишкек-Чалдовар жолунда Казак жараны 3 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

Панфилов районунда Казак жараны ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Панфилов районунда белгисиз жарандар көп убакыттан бери баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Панфилов РИИБи 282-берененин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш ишин козгогон.

8-августта Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 84-чакырымында 1975-жылы туулган Казак жараны кармалган. Тинтүү жүргүзүү учурунда, жанынан баштык табылып, скотч менен оролгон, жалпы салмагы 3670 граммды түзгөн нерсе алынган. Криминалистикалык кызматтын тактамасына ылайык, жарандан 1865 грамм апийим жана 1432 грамм кара куурай чайыры (гашиш) алынгандыгы аныкталган. Ал камакка алынды.