Бишкек-Чалдовар жолунда Спринтер эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бири мүрт кетсе, экинчиси ооруканада каза болду

Кечээ, 1-майда саат 20:40 чамасында Бишкек-Чалдовар жолунун 55-чакырымында Мерседес-Бенц Спринтер эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бири мүрт кетсе, экинчиси ооруканада каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жөө жүргүнчүлөр жолду туура эмес жеринен чурка өтүүгө аракет кылышкан. Айдоочу эки аялды сүзүп кеткен соң, жолдун четиндеги мамыны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесетинен 57 жаштагы аялдардын бири мүрт кетсе, экинчиси 67 жаштагы Кара-Балтадагы ооруканага жеткирилген. Ал реанимацияда каза болду.