«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасына 13 000 сом айып салынды

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасына 13 000 сомго айып салынды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнөн кабарлашты.

«Текшерүү учурунда Тоголок Молдо көчөсүндө жолго жарык берген жарыктар өчүк болгондуктан, ал кемчиликтерди орундатуу боюнча 5 күн убакыт берген.

Бирок аталган ишкана бул талаптарды аткарбагандыктан кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү “Бишкек жарык” ишканасына Укук бузуулар кодексинин 434-беренесине (ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, жазма буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) ылайык 13 000 сом айып салышты», — деп жазылат маалыматта.