«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасындагы коррупциялык схема аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды.

“Бишкек жашыл чарба” ишканасынын башкы бухгалтери жана бухгалтери белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында бухгалтердик документтерди (коштоочу каттарды, эмгек акынын ведомостторун ж.б.) системалуу түрдө жасалмалап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 800 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени тастыкталган.

Бул факты боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы мыйзамсыз аракеттер документтештирилип, кылмышка тиешеси бар жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ошондой эле, жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында келтирилген зыян күнөөлүү адамдар тарабынан толугу менен толтурулган. Азыркы убакта сот органдарына өткөрүп берүү үчүн тергөө иштери аяктап жатат.