Бишкек ЖЭБдеги кырсыкта жабыркаган жаран окуя тууралуу айтып берди

Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркаган Чыңгыз Бактыбеков кырсык тууралуу «ЭлТРге» айтып берди.

«Капысынан эле болуп кетти. Эч кимдин оюнда деле жок болчу. 2 саат сайын карап турчубуз. Карап жүргөн кезде кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей жарылуу болду», — деди ал.