Бишкек ЖЭБинин адиси жеке ишкерден пара алууга шектелип кармалды

УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, 3 миң 200 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси, акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштургандыгы, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдоодон жана бурмалоодон көрүнүп турат. Атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен мурда алынган маалыматтар тастыкталды. Анын алкагында 27-майда жеке ишкерден 3 миң 200 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен С.Э.С. кармалды.