Бишкек-Кордай жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кечээ, 29-майда саат 21:50 чамасында Аламүдүн районун “Бишкек-Кордай” унаа жолунун 9-чакырымында белгисиз айдоочу унаа менен түндүктөн түштүккө карай башкарып бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден иизин жашырып, качып кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Жол кырсыгынан 1974-жылы туулган Б.С.В. аттуу жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган. Бул факты боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары “Лексуз-RX300” үлгүсүндөгү авто унаанын 1994-жылы туулган М.Ш.Э аттуу айдоочусу кармалып, андан ары тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн  Аламүдүн РИИБнүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди.