Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуров кармалды

Ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ал шаар башчысынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болгону маалым.

«Бишкек асфальт сервис» ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Тагыраагы, жолдорду куруу боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө шектүүнүн карамагындагы компанияларды колдонууга артыкчылык берилген. 2015-2019-жылдар аралыгында андай компанияларга 100 миллион сомдон ашуун муниципалдык буюртмалар берилген, бирок ишти аягына чейин чыгарышкан эмес», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кечээ, 29-декабрда Мирлан Амантуров кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.