Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуровго карата козголгон кылмыш иши кыскартылды

Ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип кармалган Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуровго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

«Биринчи Май райондук сотунун 3-июндагы чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасаган деп айыпталып жаткан Амантуровго карата кылмыш иши токтотулган», — деп айтылат маалыматта. 

Маалыматка караганда, Амантуров мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен кайтарып берген.