Бишкек мэриясы мамлекетке 154 миллион сомдон ашык зыян келтирип, автобус сатып алышкан

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасы” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анда 154 миллион 827,3 миң сомго ашыра баалоо менен жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

“БАМИ” ишканасынын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, башка жөнөтүүчүлөрдүн катышуусун атайылап чектеп, мыйзамда белгиленген конкурстук тооруктарды өткөрбөстөн жана буга чейин өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыктарын эске албастан, 15-августта «ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD» компаниясы менен 1 даанасы 91 миң доллар, жалпы суммасы 10 миллион 920 миң доллар болгон 120 даана чоң сыйымдуулуктагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүшкөн.

Мындан тышкары, конкурстук документациянын талаптарын бузуу менен, келишимдин шарттарында бажылык жол-жоболоштуруу жыйымдарын жана ар кандай салыктарды сатып алуучу төлөп, автобустарды жеткирүү Кыргыз Республикасынын чек арасына чейин гана жүргүзүлөөрү мыйзамсыз белгиленген.

Натыйжада, бажы алымдарын жана жыйымдарын, ошондой эле импорт салыгын кошкондо, 1 автобустун накталай баасы 112 миң 339 долларды түзүп, SH.S.S.V. CO LTD компаниясы (экинчи конкурстун катышуучусунун эң арзан баасы) сунуштаган баадан 15 миң 889 долларга, ал эми жалпысынан келишимдин баасы 1 миллион 906 миң 740 долларга жогору түзүлгөн.

Ошондой эле, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын жана конкурстук документациянын талаптарын бузуу менен, ишкананын башкы бухгалтери жана башка жооптуу адамдары менен макулдашпастан туруп, жөнөтүүчү тарабынан банктык кепилдикти албастан, муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Т. жеке өзү мыйзамсыз түрдө «ZH.B.H. CO LTD» компаниясына келишимдик баанын 10% же болбосо 1 миллион 92 миң долларды бюджеттик каражаттарды алдын ала которуп жиберген.