Бишкек мэриясы: «Таштанды төгүүчү жайды белгисиз жарандар өрттөп кетишти»

Бишкек шаарынын таштанды төгүүчү жайын белгисиз адамдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 16-июнга караган түнү болгон. «Бишкек полигону» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды. Буга чейин таштанды төгүүчү жайдын аймагына өрттү өчүрүү үчүн 150 машина чопо алып келинген.