Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды

Пара алуу фактысы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, кармалган жаран Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң доллар акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталды. Кечээ, 6-декабрда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.