Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда ири өрт чыкты

Бүгүн, 18-февраль күнү Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ири өрт чыкты. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Чүй облусунун Токмок шаарына жакын Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянтта камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 18:39да төрт бөлүм тартылды.

“51-чакырымга жакын май куюучу станция (АЗС) болгондугуна байланыштуу 4 бөлүм тартылды», — деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү.

Камыштан чыккан өрттү май куйуучу станцияга жеткирбей саат 20:24тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.