Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда 17 жүргүнчүсү бар кичи автобус менен Тойота оодарылып калган. 9 адам жаракат алды

30-июль күнү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 343-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

«Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 1981-жылы туулган тургуну Ак-Талаа районунан Бишкек шаарына жүргүнчү ташыган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасында ичиндеги 17 жүргүнчү менен бара жатып, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 343-чакырымында Бишкек шаарынан Нарын шаарына көздөй келе жаткан Тойота-РАВ-4 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Жол тандабасты Бишкек шаарынын 1967-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан. Анын ичинде эки адам болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Кесепетинен жол тандабастын айдоочусу жана жүргүнчү катары келе жаткан 2 жаран сынык бөлүмүнө жаткырылган. Дагы бир жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми Мерседес-Бенц Спринтер 131 үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү катары келе жаткан 2 жаран денесинен алган жаракатынан улам сынык бөлүмүнө жаткырылган, дагы 2 жаран жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Аталган факты боюнча бөлүмдүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып текшерүү иштери жүргүзүүлүдө.